Панславизм

Википедия дан

Панславизм – 19-кылымдын 30-жылдарында түзүлгөн реакциячыл-улутчул идеология жана саясий агым. Панславизмдин негизги идеясы – бардык славян элдерин орус падышалыгынын бийлиги астында бириктирүү. Панславизм падышалыктын баскынчылык умтулушунун көрүнүшү болгон. Падышалык Түркия менен Австрияга көз каранды славян элдеринин боштондук кыймылын жана алардын орус эли менен эркиндикке чыгуу үмүтүн өз максатына пайдаланууга аракеттенген. Ошондой эле Панславизмди өз саясатында падышалыкты революциячыл кыймылды басып, өз кызыкчылыгын коргой турган күч деп эсептешкен чет өлкөлүк славян элдеринин буржуазиясы менен дворяндарынын кээ бир чөйрөсү пайдаланган. Панславизм идеясын орус буржуазиясы кабыл алып, кадеттер таратышкан. Биринчи дүйнөлүк согуштун (1914–18) убагында Панславизм бир аз жанданган. Октябрь революциясынан кийин ал тарыхый майдандан чыгып калган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]