Парадигма

Википедия дан

Парадигма (байыркы грек. παράδειγμα, «мисал, модель, үлгү»–παραδείκνυμι «салыштырам») – социологиянын теория-методологиялык негизи жана принциби. Ошондой эле илимий изилдөө жана учурдагы илимдин өнүгүшүн билдире турган, эволюциялык чечимдерди кабылдоонун универсалдык методун, эвол. ишмердүүлүктүн гносеологиялык методун аныктоодо анык же анык эмес (көбүнчө түшүнбөөсүздүктөн пайда болгон) шарттын жыйындысы катары колдонулат. Парадигма жаратылыштагы социалдык реалдуулукту кабыл алууга (түшүнүү) жараша макросоциология жана микросоциология болуп, эки багытка бөлүнүп, макро менен объект, микро менен субъект белгиленет. Алгачкы мезгилде негизинен лингвистика (мисалы, жөндөө же жактоодо үлгү болуучу сөз) жана риторикада (бир нерсеге салыштыруу үчүн тарыхтан мисал келтирүү) кеңири колдонулган. 20-кылымдын 60-жылдарынан баштап илимий философия жана илимий социологияда илимий коомчулуктун белгилүү бир тарыхый мезгилдин ичиндеги үстөмдүк кылып келген идеясы, көз карашы, түшүнүгү, баштапкы концептуалдык схемасы, бир маселени көтөрүп жана чечилиши, изилдөө методун системага салышын түшүндүрө турган термин катары пайдаланылат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кун Т. Структура научных революций. М., 1977.