Пастернак

Википедия дан

Пастернак (Pastinasa) – өсүмдүктөрдүн чатыр гүлдүүлөр тукумундагы эки же көп жылдык чөп. Жалбырагы канат сымал, туташ катарлашып жайгашат. Сары же кызгылт саргыч гүлү татаал чатырча топ гүлгө чогулган. Мөмөсү эки уруктуу. Жер жүзүндө 15 түрү белгилүү. КМШ өлкөлөрүндө 5 жапайы, бир эгилме түрү өсөт. Жапайы Пастернак (Р. sylvestris) жол жээгинде, огороддо, жайытта отоо чөп катары өсөт. Эгилме Пастернак (Р. sativa) – эки жылдык өсүмдүк. Жалбырагы канат сымал, жылмакай. Гүлү майда, кош жыныстуу. Көбүнчө күрдүү жана саздак жерде өсөт. Мөмө-тамырында 17,5–18,7% кургак зат, 8,6–10,5% кант, 40% С витамини болот. Тамак-ашка татымал катары пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]