Пиреней жарым аралы

Википедия дан
Пиреней жарым аралы.

Пиреней жарым аралы — Иберия жарым аралы Европанын түштүк-батышында. Атлантика океаны, Бискайя булуну жана Жер Ортолук деңизи менен чулганат. Түштүгүндө Гибралтар кысыгы Африкадан бөлүп турат. Аянты 582 миң км2. Түзүлүшү өтө жөнөкөй, массивдүү, жээктеринде булуң-буйткалар аз; түндүк- батышы гана риас (узун кууш булуңдар) тибинде. Бөксө тоолор (Месета, Галисия) жана узунунан созулуп жаткан кырка тоолор (Пиреней, Кантабрия, Каталония, Иберия, Андалусия, Сьерра-Морена, Борбордук Кордильера ж. б.) басымдуу. Эң бийик жери Сьерра-Невададагы Муласен чокусу (3473 м). Жээк бойлой чакан ойдундар (Португалия, Андалуеия ж. б.) созулуп жатат. Климаты жер ортолук деңиздик, ички аймактарында кургакчыл; батышында нымдуу океандык.

Ири дарыялары: Тахо, Дуэро, Гвадиана, Гвадалквивир, Эбро. Табигый өсүмдүктөрүнөн бадалдар (маквис, гарига), талаа өсүмдүктөрү басымдуу; токой менен бадалдар жарым аралдын аймагынын 40%тен ашыгын ээлейт. Пиреней жарым аралында Испания, Португалия, Андорра, Гибралтар мамлекеттери жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]