Полибий

Википедия дан

Полибий (б. з. ч. 201, Мегалополь, Аркадия - 120-ж. ченде, ошол эле жер) - байыркы грек тарыхчысы.

Ахей союзунун стратегинин уулу. Полибий - «Тарых» китебинин автору. Ал 40 китептен турган. Бул эмгектин алгачкы бешоо толук сакталып, калганы жоголгон же бизге үзүндүлөрү гана жеткен. Полибий өзүнүн «Тарыхында» Греция, Македония, Кичи Азия, Сирия, Египет, Карфаген жана Римдин «жалпы тарыхын» өз ара байланышта баяндоого аракеттенген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.