Полиэфирлер

Википедия дан

Полиэфирлер – макромол-сы негизги тизмегинде жөнөкөй (жөнөкөй П.) же татаал (татал П.) эфирлер функциялык топтору бар полимерлер. П. көп негиздүү к-талар же алардын ангидридин көп атомдуу спирттер менен конденсацияланышынан алынат. К-талык компоненттер ичинен фтал к-тасы жана анын ангидриди, малеин ангидриди, терефтал, адипин жана себацин к-талары; спирттер арасынан глицерин, этиленгликоль, 1,2-пропиленгликоль жана пентаэритрит чоң мааниге ээ. Поликонденсация реакциясы баштапкы заттар эквимолдук санын к-талык катализатор катышуусунда ысытуу менен жүргүзүлөт. Кээ бир учурларда к-танын ордуна алардын эфирлерин колдонуу жакшы жыйынтыкты берет. Ангидриддер болсо бифункционалдуу бирикмелер сыяктуу реакцияга кирет. Мисалы, терефтал кислотасынын диметил эфири менен этиленгликолдон полиэтилентерефталат полиэфири алынат.

Полимер өнөр жайда синтездик була лавсан-(териленди) алууда колдонулат. Ал эми малеин ангидриди менен гликолдон алынган полиэфир-полималеинат:

Полималеинаттар айнек пласттарын даярдоочу эң керектүү байланыштыруучу зат болуп эсептелет. Жаңы полиэфирдик полимерлерге макромол-сы эки атомдуу фенол жана эки негиздүү к-талар калдыктарынан турган полиарилаттар кирет. Булардын ичинен поликарбонаттар ө. ж.-да мааниге ээ боло баштады.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]