Понт тоолору

Википедия дан
Понт тоолору.

Понт тоолору (грек. Pontos – Кара деңиз), Түндүк Анадолу тоолору Түркияда, Кара деңизди бойлой созулуп жатат; түндүк четиндеги тоолору Кичи Азия тайпак тоосуна кирет. Узундугу 1000 кмдей. Кырка тоолору батыштан (2000–2500 м) чыгышты (3000–3500 м) карай бийиктейт; эң бийик жери 3937 м (Качкар чокусу). Кыры жайпак орто бийик тоо рельефи басымдуу; чыгышына альп рельефи мүнөздүү. Узунунан кеткен өрөөндөр жана кырка тоолордон (Батыш Понт, Жаник жана Чыгыш Понт тоолору) туруп, Кызыл-Ырмак, Жашыл-Ырмак ж. б. дарыясынын өрөөндөрү жана капчыгайлары кесип өтөт. Батышы негизинен кумдук, акиташ тегинен, чыгышы гранит, гнейс, кристаллдык сланец, жанар тоо тектеринен түзүлүп, таш көмүр, жез, полиметалл кендери бар. Түндүк капталдарында жазы жана ийне жалбырактуу токой, түштүгүндө талаа, жарым чөл өсүмдүктөрү, бадалдар өсөт. Антика жана о. кылымдардын тарыхый эстеликтери сакталган.

Понт тоолору.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]