Ранго

Википедия дан

"Ранго" (англ. Rango) — вестерн комедиялык анимациялык тасма. Америкада 2011-жылы жарык көргөн. Режиссеру Гор Вербински, сценарийдин автору Жон Логан, продюсерлери Вербински, Грэхем Киң жана Жон Б. Карлс. Ранго" киносынчылардын оң баасына татып, коммерциялык ийгилик жаратууга жетишкен жана Оскардын "Эң мыкты анимациялык тасмасы" сыйлыгын алган. Мультфильмдин башкы каарманы хамелеон Ранго кокустан Мокочо шаарчасына барып, ал жерге жаңы шериф аябай керек болуп атканын билип калат. Үн коштогондор Жонни Депп, Айла Фишер, Билл Найи, Эбигейл Бреслин, Альфред Молина, Гарри Дин Стэнтон, Рэй Уинстон, Тимоти Олифант, Стивен Рут жана Нед Битти. Бет ачары 2011-жылдын 14-февралында Вествудда болуп өткөн. АКШдагы кинотеатрларда Paramount Pictures компаниясы тарабынан дээрлик бир айдан кийин 4-мартта көрсөтүлө баштаган. 135 миллион доллар бюджет менен тартылган "Ранго" 245.7 миллион доллар киреше алып келген.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]