Реверс

Википедия дан

Реверс (латынча revertor – артка бурам, кайра кайтам), реверс механизми – 1) машинанын (кыймылдаткычтын) же анын жумушчу бөлүктөрүнүн негизги кыймылынын багытын карама-каршы өзгөртүүчү механизм. Поршендүү машиналарда реверс бөлүштүргүч механизмдер менен трансмиссияга аралык звенону кошуу менен иштейт. Реверс авиация кыймылдаткычтарында аба винтинин калактарын бурат же чыккан газдардын агымын башка жакка багыттайт, ал эми электр кыймылдаткычтарда дүүлүктүргүч оромдогу токтун багытын (туруктуу ток кыймылдаткычында) өзгөртөт; 2) тыйындын же медалдын арткы бети; биринчи бети аверс деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]