Рейн сланецтүү тоолору

Википедия дан
Рейн сланецтүү тоолору.

Рейн сланецтүү тоолору (нем. Rheinisches Schiefergebirge) — Рейн дарыясынын ортонку агымынын эки өйүзүн бойлой жатат. Негизинен Германияда. Узундугу 400 кмдей, эң бийик жери 880 м (Гросер-Фельдберг чокусу). Сланец, кварцит, кумдук ж. б. тектерден. Рейн сланецтүү тоолору платону түзүп, андан 300–400 мге чейин кристаллдык массивдери (Таунус, Хунсрюк, Эйфель ж. б.) жана жанар тоо казанбактары көтөрүлүп жатат. Рейн, Мозель, Лан дарыясынын өрөөндөрү менен тилмеленген. Бук жана карагай токойлору өсүп, саздар кездешет. Түндүк этегинде Рур таш көмүр бассейни бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]