Роман

Википедия дан

Роман (фран.,- француз, итальян, португал ж. б. роман тилдеринде жазылган чыгармалар) – эпикалык түргө кирүүчү, турмушту ар тараптан кеңири жана жай баракат сүрөттөөгө алган, каармандары көп жана алардын негизгилеринин образдарын ачуу үчүн бир канча эпизоддор киргизилген, композициялык түзүлүшү жана сюжети көп пландуу чыгарма. ”Роман” деген термин 12-13- кылымда Батыш Европа адабиятында колдонула баштап, бул мезгилде роман тилдеринде (француз, итальян, португал ж.б.) чыккан кара сөз түрүндөгү чыгармалар аталган. Ал кезде термин азыркы маанисинде колдонулган эмес. Мезгилдин өтүшү терминдин мааниси өзгөрүп, азыр башкача түшүнүктү билдирип калды. Бул же тигил доордун улуттук адабий процессинин өнүгүшү биринчи кезекте роман жанрынын ийгиликтери менен өлчөнөт. Романдарда бир нече инсандын сапаттары, алардын иш аракеттери бүтүндөй бир мезгилдеги социалдык катмарлардын же таптардын мүнөздүү жалпылыктары кеңири сүрөттөлөт. Тилдик каражаттардын же ар кандай түрлөрү жазуучунун чеберчилигине ылайык кеңири пайдаланылат. Эгерде бир гана каармандын тагдырын көрсөтүүгө арналса, анын чөйрөсүн, алакалашкан адамдарын, аткарган иш- аракеттерин, жамаат ичиндеги ролун ачып берүүчү эпизоддорду киргизүү менен башка каармандардын образы да белгилүү деңгээлде ачылат. Роман жазуу үчүн автор сөзсүз кеңири масштабда ойлонот. Алгачкы романдардын пайда болушу Кайра жаралуу доорундагы Боккаччонун “Декамерон”, Сервантестин “"Дон Кихот” деген чыгармалары менен байланыштуу. Дүйнөлүк адабияттын казнасын түзүп турушкан О. Бальзак, Л.Н. Толстой, Р.Роллан, В.Скотт, Г.Флобер, И.А.Гончаров, Ф.Н. Достоевский, Т.Манн ж.б. улуу классиктердин романы жанрдын кийинки өнүгүшүнө чоң салым кошту. Алардын романдарында бүтүндөй мезгилдердин татаал карама- каршылыктары ачылып берилген. Романдар мазмунуна, көлөмүнө, композициялык курулушуна жана катышуучу каармандарына карай төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:

  • дилогия- эки,
  • трилогия- үч,
  • тетралогия- төрт,
  • пенталогия- беш

бөлүктөн турат, андан көп бөлүктөрдөн турса роман цикли деп аталат. Мис., О. Бальзактын “Адамдар тамашасы” романдар циклине кирет. Бүтүндөй бир доордун типтүү каармандарын жана окуяларын жогорку көркөмдүктө ачып берген, көптөгөн адамдардын образын көрсөткөн романдар роман-эпопея деп аталат. Буга Л.Н.Толстойдун “Согуш жана тынчтык”, М. Шолоховдун “Тынч Дон”, М.Ауэзовдун “Абай” романдарын көрсөтүүгө болот.
Кыргыз адабиятында роман жанрынын жаралышы кыргыз элинин улуттук жазуусунун пайда болушу менен тике байланыштуу. Бул процесске мурдатан жазмасы бар элдердин адабияты өзгөчө чоң таасир этти. Кыргыз романынын жанр катары калыптанышына Т. Сыдыкбековдун чыгармачылыгынын чоң мааниси бар. Анын “Тоо арасында”, “Темир”, “Биздин замандын кишилери”, “Тоо балдары”, “Жол”, “Көк асаба” романдары улуттук сыймыкка ээ болгон чыгармалардан болуп калды. М.Элебаевдин “Узак жол”, К.Баялиновдун “Боордоштор”, У.Абдукаимовдун “Майдан”, Т.Касымбековдун “Сынгын кылыч”, “Кел кел”, Ч.Айтматовдун “Кылым карытар бир күн”, “Кыямат”, Ө. Даникеевдин “Көкөй кести”, К.Акматовдун “Мезгил”, “Күндү айланган жылдар” романдары кыргыз адабиятында роман жанрынын ар кандай жылдардагы мыкты табылгалары, оң тенденциялары камтылган, анын идеялык- стилдик бийиктиктерин белгилеген романдардан болуп саналат. Тематикалык жагынан романдар турмуштук, социалдык, тарыхый, саясий, укмуштуу окуялуу, психологиялык, өмүр баяндык сыяктуу болуп бир нечеге бөлүнөт.

Колдонулган адабият:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Шериев Ж.. Муратов А. Адабият .Терминдердин түшүндүрмө сөздүгү. Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы. Бишкек, 1994 - ISBN 5-89750-084-3