Рубин

Википедия дан

Рубин, канташ (латынча rubeus – кызыл) корунд минералынын бир түрү. Курамында Сг3+ ионунун кошунду түрүндө кездешүүсү менен айырмаланат. Өңү кызгылтым, кара кочкул кызыл. Рубин 1-класстагы асыл таш. Рубиндин кендери Россияда Бирмада, Индияда, Тайландда, Шри-Ланкада бар. Синтездик Рубин зергерчиликте жана саат өнөр-жайларында, квант электроникасында (лазерде) кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]