Румын тили

Википедия дан

Румын тилирумындардын тили. Болгария, Албания, Грекия, АКШ, Канада өлкөлөрүнө тараган. Роман тилдеринин чыгыш роман топчосуна кирет. Румын тилинде валаш, кришан, банат, молдаван сыяктуу бир нече диалектилери бар. Румын тили оозеки-диалектилик латын тилинин негизинде калыптанган. Жазма эстеликтери 16-кылымга таандык. Ал эми адабий тили 19-кылымда калыптанган. Жазмасы адегенде кириллицада болуп, 19-кылымдан латын алфавитине өткөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]