Садыкова Сыйнат

Википедия дан

Садыкова Сыйнат (1917, Кара-Буура району, Чымкент айылы —1976, Бишкек ш.) – Социалистик Эмгектин Баатыры (1957)[1]. 1944-жылдан КПСС мүчөсү.

1943-ж. Мугалимдер институтун бүтүп, Чоң-Коргон жети жылдык мектебинде мугалим. Партиянын Киров (Кара-Буура) райкомунун жана Талас обкомунун аялдар арасында иштөө бөлүмүнүн башчысы, партиянын Будённый райкомунун катчысы, Талас облустук эл депутаттар кеңешинин аткомунун төрагасынын орун басары, Талас облусунун соода бөлүмүнүн башчысы.

1954-жылдан Киров (азыр Кара-Буура) райондук эл депутаттарынын кеңешинин аткомунун төрагасы. СССР Жогорку Советинин (1958—62) депутаты[2]. Ленин, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган. (Чымкент айлындагы орто мектепке анын ысмы берилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Талас облусу энциклопедия. Бишкек-1995-ж.