Салвадор

Википедия дан
Салвадор Баия.

Салвадор, Баия - Бразилиянын түн.-чыгышындагы шаар. Баия штатынын адм. борбору. Калкы 3 млн (2010; агломерациясы менен 4,0 млн). Ири жол тоому. Атлантика океанындагы порт (сыртка кофе, какао, тамеки, кант, жыгач чыгарат). Эл аралык аэропорту бар. Курулуш индустриясынын маанилүү тармагы жайгашкан. Машина куруу (анын ичинде автомобиль кураштыруучу з-д), хим., текстиль, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Сүрөт жана башка музейлер уюштурулган. Эки ун-т, китепканалар бар. 1549-жылы негизделип, 1763-жылы чейин Бразилиянын борбору болгон. Чептер, чиркөөлөр 16-18-кылымдын курулуштары сакталган. Өлкөнүн ишкер, маданий жана туристтик борбору шаардын тарыхый бөлүгү Буткул дуйнөлук мурастын тизмесине (1985) киргизилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]