Сан (өлчөө)

Википедия дан
Сан (философия)‎»‎ барагынан багытталды)

Санобъекттин чоңдук, көлөм, ирээт, касиеттеринин өнүгүү деңгээли ж. б. сырткы аныктыгын чагылдырган философиялык түшүнүк.

Күнүмдүк тажрыйбада жана илимий таанымда өзгөрүүлөрдүн төмөнкүдөй эки түрү белгилүү:

1) материалдуу тутумдардын маңызын өзгөртпөгөн өзгөрүүлөр;

2) аталган маңызды түп-тамырынан бери өзгөрткөн өзгөрүүлөр.

Кадыресе учурларда аталган өзгөрүүлөрдүн ортосундагы айырмачылык дароо эле көзгө уруна бербейт. Биринчи учурда сөз сан, экинчисинде сапат тууралуу болуп жатат. Мисалы, 0°тан 100° ка чейин ысыган суунун суюк абалы сандык өзгөрүү; ал эми температура 0°тан төмөндөгөндө суунун катуу абалга (музга) айланышы, 100°тан жогору температуранын шарттарында суунун газ (буу) абалына өтүшү сапаттык өзгөрүү катары аныкталат. Тааным процессинде сан нерсенин сапаттынын өнүгүү деңгээли катары бааланат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]