Сезим

Википедия дан

Сезим - адамдын дүйнөгө жана өзүнө жасаган мамилесинин өзгөчө чагылышы.

Сезим аздыр-көптүр туруктуу (сүйүү, жек көрүү, сыйлоо), же конкреттүү шартка байланыштуу кыска мөөнөткө созулушу мүмкүн (кубаныч, кайгы, уялуу ж. б.). Кийинкиси кээде эмоция деп да аталат.

Сезим коомдук окуяларга, адамдарга, жаратылыш кубулуштарына болгон субъективдүү мамилени туюнтканы менен, алардын объективдүү сапаттарына да көз каранды. Ал тааным процесстери: сезүү-туюу, кабыл алуу, ой жүгүртүү жана башкалар менен байланышта пайда болот.

Сезим дин калыптанышы адамдын жашоо шарты, иш-аракеттеринин жагдайы, нерв системасынын өзгөчөлүгү менен шартталат. Ошондуктан сезимдин тереңдиги, туруктуулугу, таасирдүүлүгү ар кимде ар кандай. Ал адамдын мүнөзүндөгү өзгөчөлүктөрдү көрсөтөт.

Сезим адамдын жүрүм-турумунда, практикалык жана тааным иш-аракеттеринде чоң мааниге ээ.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.