Секунда

Википедия дан

Секунда (лат. secunda division- экинчи жолу бөлүү) –

1) Бирдиктердин эл аралык системасындагы убакыт бирдиги.

Белгилениши сек. - Секунда цезий-133 атомунун негизги абалдагы эки эң жука деңгээлдеринин ортосундагы өтүшкө дал келүүчү 9 192 631 770 нурлануу мезгилине барабар убакыт.

2) Жылдыз Секундасы 1/86400 орточо жылдыз суткасына же 0,997 269 566 секта барабар.

3) Бурчтук Секунда тегиздиктеги бурчтардын бирдиги. Белгилениши - ", 1"=1/3600градус же 1/60 мин.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.