Сена

Википедия дан
Сена
Сена (Руан).
Сена (Руан).

Сена - Франциядагы дарыя.

Уз. 776 км, алабынын аянты 78,6 миң км2. Лангр платосунан башталып, Ла-Манш кысыгына куят.

Ортоңку жана төмөнкү агымында өрөөнү жазы, нугу ийри-буйру. Башкы куймалары: Об, Марна, Уаза (оң), Йонна (сол). Негизинен жамгыр сууларынан куралат. Ноябрдан мартка чейин суусу кирет.

Жылдык орточо чыгымы Парижде 250 м3/сек, чатына жакын 450- 500 м3сек. Каналдар аркылуу Сомма, Шельда, Самбр, Маас, Рейн, Сона, Луара ж. б. дарыялары менен туташат.

Труа шаарынан тартып кеме жүрөт. Башкы порттору - Париж, Руан, Гавр.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.