Скандинавия жарым аралы

Википедия дан
Скандинавия жарым аралы.

Скандинавия жарым аралы - Европанын түндүк-батышындагы эн ири жарым арал.

Уз. 1900 км, туурасы 800 км ге чейин. Аянты 800 миң км. Балтика, Түндүк, Норвег жана Баренц дениздери менен чулганат.

Скандинавия жарым аралынын материктик чеги Ботния булуңунун түндүк бөлүгүнөн Варангер-фьорд булуңуна чейин. Жарым аралда Норвегия, Швеция жана Финляндиянын түндүк-батыш бөлүгү жайгашкан. Батыш жана түндүк жээктери тик, бийик аралдар жана архипелагдар (Лофотен, Вестеролен, Магерё ж. б.) көп. Түштүк жана чыгыш жээктери жапыз, аскалуу; майда буйткалар бар. Жарым аралдын батыш бөлүгүн Скандинавия тоолору (Галлхёпигген тоосу 2469 м) ээлейт.

Скандинавия жарым аралы плейстоцендеги муз каптоонун Европадагы ири борбору болгон. Негизинен мелүүн климат басымдуу, батышында океандык, Скандинавия тоолорунун чыгышында континенттик. Дарыялары (ирилери: Гломма, Клар-Эльвен, Турне-Эльв) жана көлдөрү (Венерн, Веттерн, Меларен) көп. Жалпы аянты 5 миң км2те жеткен мөңгүлөр бар. Аймагынын 43%тейи токой.

Көп бөлүгүндө тайга, түштүгүндө аралаш жана жазы жалбырактуу токой өсөт. Токой алкагынан жогору (тоолорунда) тундра өсүмдүктөрү таралган.

Жаныбарлары: багыш, түлкү, коён, лемминг ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.