Согд облусу

Согдий областы‎»‎ барагынан багытталды)
Согд облусу
таж. Вилояти Суғд

Согд облусу картада

Согд облусу, карта

Өлкө:

Тажикстан

Абалы:

Административдик облус

Курамында:

8 шаар, 22 ш.т.а., 14 район, 93 айыл

Акимий борбору:

Кожент (Хужанда)

Түзүлгөн убакыты:

23-декабрь 1970

:

Абдурахмон Кодири

Расмий тили:

Тажик тили

Калкы (2016):

2 508 500

Жыштыгы:

98,8 адам/км²

Улуттук курамы:

тажиктер — 84,0 %, өзбектер — 14,76 %, орустар — 1,3 %, кыргыздар — 0,58 %

  • Башкалар: 1 969 - 0.71 %
Жер аянты:

25 400 км² (3 орун)

Саат алкагы:

UTC+5

ISO 3166-2 коду:

TJ-SU

FIPS индекси:

TI03

Телефон коду:

+992 3422

Почта индекстери:

735700

Унаа коду:

02РТ

Согд облусу - Тажикстанда, 1970-ж. 23-декабрда уюшулган түндүктөгү облус. Совет доорунда Ленинабад облусу деп аталган. Кыргызстан жана Өзбекстан менен чектешет.

Аянты 25 400 км2.
Калкы 2 508 500 (2016). Облуста 14 район, 8 шаар, 22 ш. т. ири кыштагы бар.

Борбору — Кожент (тажикче: Хужанда) ш. Л. о. респ-канын түн. бөлүгүнөн орун алган.
Түндүгүндө Курама (бийикт. 3769 метрге чейин), Могол-Тоо (1624 м), түштүгүндө Түркстан (5509 м), Заравшан (5489 м) ж-а Гиссар (Ысар) кырка тоолору жатат.

Кура­ма м-н Түркстан кырка тоолорунун ортосунда Баргана өрөөнү, Заравшан м-н Түркстандын ортосунда Заравшан өрөөнү жайгашкан. Климаты континенттик, кургак.
Январдын орт. температурасы — 1,1°С,— 9°С, июлдуку 15—28°С; жылдык жаан-чачыны 150—800 мм.

Ири дарыясы: Сыр-Дарыя, Заравшан. Чоң көлдөрү: Искендер-Көл, Өксүкөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4.

Лактация - Пиррол. -656 б.