Социалдык статус

Википедия дан

Статус – катмардын, топтун же индивиддин социалдык системадагы абалынын комплекстүү көрсөткүчү, социалдык стратификациянын маанилүү параметрлеринин бири. Статустун негизги компоненттери катары: биринчиден, берилген социалдык элементтин коомдогу позициясы анын объективдүү мүнөздөмөсүнүн (теги, жынысы, жашы, билими ж. б.) улам келип чыгат; экинчиден, коомдун берилген позициянын орду, ролу жана мааниси жөнүндөгү элеси эсептелет. Ушуга ылайык статус ардак, урмат, кадыр-барк сыяктуу категорияларда аныкталат, ал эми анын жоголушу жогорку касиеттердин жоктугун билдирет. Аны М. Вебер индивиддердин позициялардын барктуулугу, алардын коом тарабынан позитивдүү (оң) же негативдүү (терс) бааланышы деп түшүнгөн. Ушундан улам статус коомдогу топтордун жана индивиддердин мамилелерин аларга белгилүү жүрүм-турум нормаларын, белгилерин жана мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн бекитүү жолу менен тескөө механизми катары маанилүү ролу келип чыгат. Бул болсо кадыр-барктын белгилүү иерархиясы жөнүндө сөз кылууга мүмкүндүк берет. Коомдук мамилелердин убакыт өткөн сайын өзгөрүп туруучу ар түрдүү статустук топторго бөлүгүшү коомдун жиктелишин изилдөөгө жол ачат. Статустук топтордун ортосунда конфликт ар бир топтун өзүнүн статусун коргоого жана жогорулатуу үчүн объективдүү умтулуусунан улам келип чыгат. Ал эми статусту коргоо жана аны жогорулатуу башка топтордун жана индивиддердин ар дайым басып алуусу менен оорчулукту туудуруда. Ар бир индивид ар түрдүү ишмердүүлүктүн чөйрөсүндө башка индивиддер менен мамиле түзгөндүктөн, бир эмес, көп сандагы статуска ээ. Анын ар бири индивиддин өзгөчө статустук топко тиешелүүлүгүн аныктайт. Андан тышкары, бир эле индивид түрдүү параметрлер боюнча дал келбөөчү же карама-каршы кызыкчылыктуу статустук топторго тиешелүү болуп калуусу да мүмкүн. Бул болсо анын алдында тандоо проблемасын коет. Чынында социалдык стратификация системасындагы орду жана белгилүү функцияларды так аткаруусу берилген индивидге белгилүү статусту бекитүүнү камсыз кылат. Индивиддин статусуу менен алар ойногон социалдык ролдун ортосунда тыгыз байланыш бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Саясат таануу: энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү.Асанов, жооптуу редактор: А.Акунов. Бишкек - 2004. ISBN 9967-14-011-9