Статуя

Википедия дан
Статуя

Статуя (латынча statua) – жумуру скульпторлуктун көлөмү боюнча бир кыйла чоң чыгармасы. Эреже катары, ал адам фигурасын башынан аягына чейин бүт турушунда, кээде башка реалдуу жана кыялдагы жандыктарды сүрөттөйт (мисалы, байыркы Египет кудайынын статуясы, жаныбарлардын статуясы). Көлөмү боюнча кичине, столдо турганга ылайык статуя – статуэтка, ал эми эң чоң көлөмдөгү – колосс деп аталат. Акыркы термин көркөм искусство тарыхына байланыштуу гана колдонулат. Ал эми атчан статуя адамды ат үстүндө сүрөттөйт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]