Супер келинчек

Википедия дан
Супер келинчек
Super kelinchak

Тасманын Өзбек тилиндеги расмий постери
Жанры

Комедиялык мелодрама, Комедия

Режиссёру

Бахром Якубов

Продюсери

Наргиза Салом

Сценарийдин
автору

Бахром Якубов
Евгений Полехов

Башкы ролдордо

Диана Ягофарова
Адиз Ражабов
Саида Раметова
Мурад Ражабов
Дилноза Махмудова

Оператору

Умид Маликов

Композитору

Убайдулла Каримов

Кинокомпания

«Futurist»[1]

Узактыгы

103 мүнөт

Өлкө

 Өзбекстан

Тили

Өзбекче, Орусча

Жылы

2008

IMDb

ID 2106659

«Супер келинчек» (өзб. Super kelinchak) — Режиссёр Бахром Якубов тарабынан 2008 жылы тартылган кинокомедия жана мелодрама жанрындагы өзбек көркөм тасмасы.

Мазмуну[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тасма түбөлүк маселе болгон кайнене менен келиндин мамилесин козгойт. Заманбап кыз Диана шаардагы боулинг ойногон клубдан Сардор аттуу жигитке жолугат. Экөө ким утат деп мелдеше кетишип, ортого минген машиналарын коюшат. Диана баарынын оозун ачырып, жеңип алат. Бирок сүйлөшүлгөндөй ал Сардордун машинасын алуудан баш тартып, досторунун алдында уят кылып басып кетет. Натыйжада, ызаланган Сардор досу менен кайра мелдешет. Бул жолу ал жеңип чыгып, Дианага үйлөнөт. Диана башка улуттан болгондуктан, Сардордун апасы уулунун ага үйлөнүүсүнө каршы чыгат. Анын үстүнө, кичинекейинен өзү сүйлөшүп койгон кошунасынын кызын албай койгондугу үчүн уулуна жини келип, ар кандай шылтоо менен келинин кетирип жиберүүнү көздөйт. Өзгөчө кайненесинин дарыгер менен макулдашып, эки жашка экөө балалуу боло албастыгын айткан маалымдайт, айтор, байкуш Диана сүйгөнү үчүн көп кыйынчылыктарга дуушар болот. Анан, албетте, аягы бактылуу аяктайт.

Каармандарда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эскертме: Карен жана Клара ысымдары тасмада көрсөтүлбөйт.

Кошумча маалыматтар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 2008-жылы эң көп киреше алып келген өзбек тасмасы болгон.
  • 2008-жылы Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын кинематографисттери катышкан Борбордук Азия кинофорумунда атайын сыйлыкка ээ болгон.
  • Боулинг ойноп жатканда боулингдин таштары кулаган кадрды бир эле жолу тартышып, көп эпизодго колдонушкандыгын байкоого болот.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. «Futurist» студиянын расмий сайты. Futurist.uz
  2. Тасманын сайтында — Ашот. superkelinchak.uz Archived 2010-12-10 at the Wayback Machine