Суроо

Википедия дан

Суроо – белгисиз жана айкындоого тийиштүү кандайдыр бир абалдын, маселенин элементтерин айкындоо үчүн айтылган сөз.

Табигый тилде суроолуу сүйлөм же сөз айкашуу тарабынан коюлат. Суроо бул көйгөйлүк да, ассерториялык да тараптары бар татаал түзүлүш. Ассерториялык тарап Суроонун предметин мүнөздөйт жана белгисиздердин мүмкүн маанисин чектеп, аныктайт. Суроонун бул тарабы кээде биринчи планга чыгып, өз алдынча маани – маңызга ээ болот (риторикалык, пикир туудуруучу, провакациялык суроолор). Суроолор мааниси боюнча түшүнүлгөн, ойлонулган, тигил же бул деңгээде туура коюлган жана маанисиз, байланышсыз болуп бөлүнүшөт. Ойлонулган, так Суроо- туура ойлонуунун олуттуу жактары болуп эсептелет.

Дагы кара[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]