Сюжет

Википедия дан

Сюжет (франц- предмет) – адабий чыгармадагы мүнөздөрдүн өсүшүн жана өз маанилерин ачып берүүчү конкреттүү окуялардын системасы. М.Горькийдин сөзү менен айтканда сюжет: “Байланыштар, карама-каршылыктар, симпатия, антипатиялар жана жалпысынан эле адамдардын өз ара мамилелерин – бул же тигил типтин, мүнөздүн түзүлүп, өнүгүш тарыхы...” Сюжет түзүү менен автор чыгарманын бүткүл материалдарын бириктирип, бүтүн картина түзөт. Жазуучу өзү билген окуяларды же ичинен токуп чыккан деталдарды сюжетте өз максатына ылайык пайдаланат.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ж.Шериев. А.Муратов. Адабият. Терминдердин түшүндүрмө сөздүгү/ Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясы. –Бишкек, 2004. –ISBN 5-89750-084-3