Така тумшуктар

Википедия дан
Така тумшук кидик жарганат (Rhinolophus hipposideros).

Така тумшуктар (лат. Rhinolophidae) – жарганаттар тукуму. Мурдунун учунда түксүз тери «такага», «ээрге» ж. б. окшош өсүндүсү бар. Ысыкты сүйгөн жаныбар. Эки уруунун 65 түрү негизинен Борбордук Азияда кенен таралаган. КМШ өлкөлөрүнөн Түркмөнстан, Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстанда, Кыргызстанда (Алай кырка тоосунда) жолугат. Терең, караңгы үңкүрлөрдө жашайт, түнкүсүн демилгелүү келишет. Абада учуп жүрүшкөн омурткасыз жаныбарлар менен азыктанат. Жылына бирден тууйт. Бир түрү – така тумшук кидик жарганаттын саны азайып кеткен, Кыргызстандын Кызыл китебинин тизмесине киргизилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]