Талас өрөөнү

Википедия дан

Талас өрөөнү Кыргызстандын түндүк-батышында, Кыргыз Ала-Тоосу менен Талас Ала-Тоосунун аралыгында кеңдик багытта созулат. Аймагында Талас, Манас, Бакай-Ата жана Кара-Буура райондору жайгашкан. Узундугу. 140 км, туурасы 26 км. Таманынын абсолюттук бийиктиги 700–1400 м.

Өрөөндүн тоо капталдарына жана тоо этектерине эрозиялык, денудация, таманына аккумуляциялык рельеф мүнөздүү. Түндүк бөлүгүндө структуралык жактан Кыргыз Ала-Тоосу менен туташып, ага жарыш жаткан Орток-Тоо, Күнгөй, Кара-Жылга, Эчкили-Тоо, Ак-Таш тоолору жайгашкан. Өрөөн рельефинин түзүлүшү боюнча 3 бөлүктөн турат: Байыркы эрозиялык аккумуляциялык процесс өөрчүгөн жогорку кууш (жазылыгы 1–4 км) бөлүк (Үч-Кошой менен Кара-Кол сууларынын боюндагы 1400–2200 м бийиктеги тектирлер); Чат-Базар кыштагы. менен Кара-Буура суусунун аралыгында жайгашкан аллювий түздүгү; Кара-Буура жана Күркүрөө сууларынын аралыгындагы тилмеленген жазы (30 кмге чейин) жайык бөлүк. Өрөөн кембрийге чейинки жана палеозойдун башталышында пайда болгон кумдук, чопо, сланец, конгломерат, акиташ жана аларды жиреп чыккан интрузия тоо тектеринен турат. Өрөөндүн таманында жана тоо этектеринде төртүнчүлүк мезгилдин кум-шагылы менен чополору кеңири таралган. Талас Ала-Тоо- суусунун түндүк капталында жнаа анын Кыргыз Ала-Тоосуна кошулган жеринде жалпы аянты 159,3 км2ге жеткен 210 мөңгү бар. Кар чеги 3450–3600 м бийикте. Климаты континенттик. Январдын орточо. температурасы батышында —8°С, чыгышында —7°С, июлдуку батышында 22°С, чыгышында 15°С. Жылдык орточо. жаан-чачыны 250–450 мм.

Өрөөн аркылуу Талас, Үч-Кошой, Күркүрөө, Кара-Кол суулары жана алардын куймалары агат. Жалпы аянты 2,64 км2 болгон 50 көл бар; ирилери: Беш-Таш, Табылгыты, Айдың-Көл, Орказган, Жылкыбай жана башка Өрөөндүн таманында боз, саздуу жерлерде шалбаалуу бозомтук, чыгыш бөлүгүндөгү көтөрүңкү түздүктөрдө жана тоо этектеринде ачык коңур, тоо капталдарында кара коңур, тоолуу кара, тоолуу шалбаа топурагы мүнөздүү. Өрөөндө 1000 м бийикке чейин жарым чөл, андан жогору талаа (бетеге аксокто, эрмен, эспарцет, каракыяк, жалбыз, суу жээктеринде бадал токою), тоо капталдарында 2700 мге чейин талаа, шалбаалуу талаа, токойлуу талаа (аккылкан, бетеге, коңурбаш, кызыл от, изен), капчыгайларда жана тоолордун түндүк капталдарында арча, карагай, кайың, зараң, четин жана Талас өрөөнүндө эндемик — Семёнов көк карагайы (Беш- Таш капчыгайында)] өсүмдүктөрү, 2500 – 2700 мден жогору субальп жана альп шалбаасы, шалбаалуу талаа ландшафттары жайгашкан, жапалак арча да кездешет. Өйүз-бүйүзүндө токой (терек, тал, бадал) бар. Өрөөндө Талас шаары, Маймак шаарчасы жана көптөгөн кыштактар. жайгашкан.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Кыргызстан географиясы. Мамлекеттик тил комиссиясы".Бишкек-2004.