Тамеки (өсүмдүк)

Википедия дан
Тамекинин өсүшү (Nicotiana tabacum).

Тамеки (лат. Nicotiana) ― өсүмдүктөрдүн ит жүзүмдөр тукумунун уруусу. Бир жана көп жылдык чөп, чанда бадал. Тамекинин 66 түрү Американын мелүүн жана тропик зонасында, Австралия менен Полинезияда кезигет. Көбүндө (айрыкча жалбырагында) уу алколоид – никотин бар. Кадимки тамеки жана махорка чегүүчү тамеки алыш үчүн айдалат. Тамекинин сабагы түз, бийиктиги 1,0–1,5 м, ири жалбырагы сапсыз жана кыска саптуу, сүйрү, кезектешип жайгашат. Мөмөсү – көп уруктуу кутуча. Уругу кара-күрөн түстө, майда, сүйрү. Тамеки жылуу (температура 27–28°С) жана жумшак топурактуу жерде жакшы өсөт. Тамекинин мекени – Түштүк Америка. Россияга 16-кылымда таралган. Тамеки – баалуу техникалык өсүмдүк. Жалбырагынан сигарет, папирос даярдалып, никотин, лимон кислотасы, никотинститусульфат инсектициди алынат. Кургак жалбырагынын курамында 1,9–3,76% никотин бар. Тамекиде 7,5% белок, 10% углевод болот. Тамеки Индия, АКШ, Индонезия, Түркия, Грекия, Болгария ж. б. өлкөлөрдө өстүрүлөт. Кыргызстандын Ош, Талас областтарында Самсун 4–28, Дюбек 44–7, Талгар 25 ж. б. сорттору эгилет. Орто эсеп менен 1 га жерден 15 цден түшүм алынат. Тамеки эгилчү аянт күзүндө 25–27 см тереңдикте коңтормо кылып айдалат. Тамекинин көчөтү парникте өстүрүлөт. Тамеки зыянкечтери: Тамеки трипси тамеки. бити, тамеки үкү көпөлөгү. Илдети: жалган чаңгыл кебер, тамыр кара чириги.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]