Танзания

Википедия дан
Танзания.

Танзания, Танзания Бириккен Республикасы (англисче United Republic of Tanzania, суахили) – Чыгыш Африкадагы мамлекет. Түндүгүнөн Уганда, түндүк-чыгышынан Кения, түштүгүнөн Мозамбик, түштүк-батышынан Малави жана Замбия, түндүк-батышынан Бурунди жана Руанда менен чектешет. Чыгышын Инди океаны, батышын Танганьика, түштүк-батышын Ньяса, түндүгүн Виктория көлдөрү чулгайт. Аянты 945,1 мин км2. Калкы 43,1 млн (2010). Расмий тилдери – суахили жана англис тилдери. Ири шаарлары: Дар-эс-Салам, Мванза, Занзибар, Морогоро. Борбору – Додома шаары. Административдик-аймактык жактан 26 (30) облуска бөлүнөт. Акча бирдиги – танзания шиллинги.

Мамлекеттик түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Танзания – унитардык мамлекет. 1977-жылы Конституциясы кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет жана өкмөт башчысы – президент. Аткаруу бийлигинин жогорку органы – өкмөт. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу парламент (Улуттук ассамблея). Танзанияда көп партиялуу саясий система орун алган. Негизги саясий партиялары: Чама Ча Мапиндузи (Танзания революциялык партиясы), Прогресс жана демократия партиясы, Жарандык бириккен фронт, Танзания эмгек партиясы ж. б.

Административдик-аймактык бөлүнүшү (2012)

Табияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Танзаниянын аймагынын көпчүлүк бөлүгүн Чыгыш Африка бөксө тоосу (бийиктиги 1000 мден жогору) ээлейт. Эң бийик жери – Килиманжаро жанар тоосу (бийиктиги 5895 м). Климаты экватордук муссондук. Эң жылуу мезгилинин орточо температурасы 20–27°С, эң суук мезгилиники 12°Сдан 22°Сга чейин. Жылдык жаан-чачыны 500–1500 мм. Чек арасы Виктория, Танганьика, Ньяса (Малави) көлдөрү аркылуу өтөт. Негизги дарыялары: Тангани, Руфижи, Рувума. Саванна басымдуу. Сейрек токой өсөт. Серенгети, Климанжаро, Руаха, Тарангире ж. б. жана Селус, Нгоронгоро, Руфижи, Рувума резерваттары уюштурулган.

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Элинин негизин бантулар (сукума, суахилилер, бена, ньятуру, гого, ньямвези, ха, хехе, маконде, ирамба, куриа, лугуру, фипа ж. б.) түзөт. Өлкөнүн түндүк-чыгышында нилоттор (масаи, луо, датога ж. б.) жана түштүк кушиттер (ираку ж.б.) отурукташкан. Динге ишенгендери христиан менен мусулмандар. Ошондой эле салт болуп калган жергиликтүү динди да тутат. Калкынын жашынын орточо узактыгы 58 жаш. Төрөлүүнүн деңгээли жогору (1000ге 12,09). Шаар калкы 25%.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Танзания аймагында адамдар эзелтеден эле жашаган. Танзаниянын жергиликтүү калкы бушмендерге тектеш болгон. биздин замандын башында Танзанияга бантулар, нилоттор, 7–8-кылымда арабдар келип жайгашкан. Аралдарда жана деңиз жээктеринде өз алдынча маданиятын түзгөн суахилилер калыптанган. 19-кылымдын башында Занзибар аралы жана Танзания жээктери Максат султандыгына карап, 1856-жылдан Занзибар өзүнчө султандыкка ээ болгон. 1885–1919-жылдары Танзаниянын Танганьика аталган бөлүгү Германиялык Чыгыш Африканын курамындагы протекторат, 1920-жылы Улуу Британиянын мандатындагы, 1946–61-жылдары анын карамагындагы аймак катары эсептелген. 1954-жылы Танганиканын Африкалык улуттук союзу (ТАУС) түзүлүп, бул аймактардын көз каранды эместиги үчүн күрөшкөн. 1961-жылы 9-декабрда Танганьиканын көз карандысыздыгы (1962-жылдын 9-декабрынан республика), 1964-жылы 12-январда Занзибардын өз алдынчалыгы жарыяланган. 1964-жылы 26-апрелде Танганьика менен Занзибар кошулуп, Бириккен Танзания Республикасы түзүлгөн. 1977-жылы Танзания революциялык партиясы негизделген. Танзаниянын тышкы саясаты – Африка континентиндеги тынчтыкты колдоо жана экономикалык байланыштарды чындоо. Танзаниянын өнөктөшү – АКШ, Улуу Британия, Россия, Кытай, Япония жана Түштүк Корея ж. б. Танзания дүйнөнүн 81 өлкөсү менен дипломатиялык мамиледе. Дар-эс-Саламда эл аралык уюмдун 63 элчилиги жана 15 өкүлчүлүгү жайгашкан. Танзания БУУнун мүчөсү.

Чарбасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Танзания – дүйнөдөгү экономикасы өнүгүп келе жаткан жакыр өлкөлөрдүн бири. Экономикасынын негизин – тоо-кен өнөр жай түзөт. ИДПнин көлөмү 57,9 млрд АКШ доллары (2009). Аны киши башына бөлүштүргөндө 1,4 мин доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 50,8, айыл чарбасыныкы 26,6, өнөр жайдыкы 22,6. Алтын (жылына 36 тонна), алмаз ж. б. баалуу таштар (анын ичинде танзанит), жаратылыш газы, көмүр, фосфорит, кайнатма туз ж. б. казылып алынат. 2007-жылы 3,8 млрд кВт∙с электр энергиясы (негизинен 2/3и ГЭСтен, калганы ЖЭСтен) өндүрүлгөн. Башкы айыл чарба азыктары – кофе, тамеки, буудай, пахта, чай, буурчак, кешью жаңгагы (дүйнөдө 8-орунда). Ички керектөөлөрү үчүн банан, кассава, маис, шалы, батат (1-орунда), ак жүгөрү (сорго, 8-орунда), бал камыш айдалат. Мал чарбачылыгы Виктория көлүнүн аймагында (уй, кой-эчки) асыралат. Балык кармалат. Жыгачтын баалуу түрү даярдалат. Айыл чарба азыктары беленделет. Тамак-аш (кант, ун, сигарета), курулуш материалдары (анын ичинде цемент), нефть ажыратуу, металл иштетүү, жыгаччылык, химиялык (жер семирткич), жеңил, бут кийим өнөр жай ишканалары иштейт. Автомобиль жолунун узундугу (миң км менен) 79 (анын ичинде 6,3ү асфальтталган), темир жолунуку 3,7, нефть куурунуку 0,9га жакын, газдыкы 0,3. Деңиз порту – Дар-эс-Салам. Экспортко алтын, баалуу таштар, айыл чарба азыктары чыгарылат. Негизги соода шериктештери: Индия, Кытай, TAP, Кения жана Япония.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]