Таш-Рабат

Википедия дан

Торугарт, ашуу

Таш-Рабат

Таш-Рабат – XV кылымда таандык кербен сарай. Бишкектен 520 км, Нарындан 125 км, Ат-Башы айылынан 90км батыш, Нарын - Торугарт автомобиль жолунан 18 км түштүк тарапта, Кара-Коюн капчыгайынан 15 км суунун сол тарабында жайгашкан. Деңиз деңгээлинен 3500 м бийиктикте.[1]

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Таш-Рабатта Борбордук Теңир-Тоо аркылуу өткөн Улуу Жибек жолундагы кербенчи-саякатчылар жана башкалар тейленген. Таш-Рабат жөнүндө алгачкы жолу XVI кылымдын 2-жарымында Мухаммед Хайдар эскерип, эстелик 1408-16-жылдары курулган деп эсептейт.

1859-жылы Ч. Валиханов төмөнкүчө баяндайт:

«Имарат чополуу сланец жалпак плита таштардан курулган, узундугу 12, туурасы 7 саржанча келет. Узун коридорду улай тегерек зал (радиусу 5 кез), үстү айдөш тоголок болуп кетет. Коридордун капталдарында кичинекей жана жапыз эшиктери бар, алардан чарчы, чакан бөлмөлөргө өтөт. Бул имарат бир кезде сыртынан да, ичинен да шыбалса керек».

1878-жылы орус саякатчысы A. М. Фетисовдун маалыматтарында Таш-Рабат кербенчилер менен жолоочулар акысыз түнөп өтүүчү «Сапар мейманканасы» сыяктанат деп белгилеп, аны Чымкенттен Ташкентти көздөй кеткен жол боюндагы рабаттарга окшоштурат. 1886-жылы чыгыш таануучу Н. Л. Зеланд Таш-Рабатты кербен-сарай эмес, диний курулуш болуп саналат деп божомолдогон. 1944-жылы A. Н. Бернштам жетектеген Тянь-Шань-Алай археологиялык экспедициясы Таш-Рабатты изилдеп, аны кербен сарай деп эсептеп, имараттын архитектурасына көчмөндөрдүн күчтүү таасири тийгендигин айтып, «Таш-Рабат - өзүнчө бир жасалгалуу боз үйдү тегеректеген, көчмөндөрдүн таш болуп катып калган айылы сыяктуу элес берет» - деген. Ошондой эле эстеликти В. В. Бартольд, Н. Н. Пантусов, Б. М. Зима, Г. А. Пугаченкова, М. Н. Кубатбеков, Б. В. Помазкин, В. Е. Нусов, С. Я. Перегудова ж. б. изилдеген.[1]

Архитектурасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кербен сарай жонулган таштардан ылайга олтургузуп тургузулган имарат. Анын маңдай жагы (фасады) чыгыш тарапка каратылып, чарчы формада курулган. Имараттын бийиктиги 20 мдей, тик бурчтуу формадагы кумпалуу (купол) 31 бөлмөдөн турат. Бөлмөлөр үч топко бөлүнөт:

  1. коридор;
  2. коридордун эки тарабындагы бөлмөлөр;
  3. залы жана анын тегерегиндеги бөлмөлөр.

Коридордогу биринчи эшик аркылуу үч кароол үйгө өтөт. Дубалдын чыгыш тараптагы бурчтары мунаралар менен бекемделген. Имараттын негизги залына узун коридор аркылуу кирет. Коридордун эки жагында бөлмөлөр бар. Залы имараттын батыш тарабында, ортодо жайгашып (узундугу 9,32 м, туурасы 8,35 м), бөлмөлөр жана кичи залдар менен байланышкан. Анын төбөсү диаметри 9,30 м болгон кумпа (купол) менен жабылган. Имараттын бөлмөлөрү жана кумпа алебастр менен шыбалып, геометрикалык оймо-чиймелер менен кооздолгон. Бөлмөлөр төбөсүндөгү көзөнөктөр аркылуу жарык менен камсыздалган. Бөлмөлөрдүн төбөлөрү да арка сыяктуу жарым шар формасында жабылган. [1]

Эстелик[түзөтүү | булагын түзөтүү]

20 сомдун артындагы Таш-Рабаттын сүрөтү

Таш-Рабаттын сүрөтү Кыргызстандын улуттук валютасы болгон сомдун 20 сомдук номиналында бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 1.0 1.1 1.2 “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9