Ташкен

Википедия дан
Шаар
Ташкен
өзб. Toshkent
Өлкө

Өзбекстан

Ички бөлүнүшү

11 район

Жахонгир Ортикхужаев

Тарыхы жана Географиясы
Биринчи белгиленген

II к. б. з. ч.

Мурунку аталышы

Чач, Шаш (Мадина́-аш-Шаш), Бинке́т (Бинка́т)

Аянты

334,8[1]

Бийиктиктиги

455

Климатынын түрү

мелүүн континенттик

Калкы
Калкынын саны

2 371 300 (2015)

Жыштыгы

адам/км2

Улуттук курамы

өзбектер 65,0 %
орустар 18,0 %
татарлар 4,5 %
корейлер 2,2 %
казактар 2,1 %
башкалар 7,0 %

Диний курамы

мусулмандар, христиандар, атеисттер

Этнохроним

ташкендик, ташкендиктер

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

+5

Телефон коду

+998 71

Почта индекси

100000 [2]

Автоунаа коду

01—09

http://tashkent.uz/

Ташкен (өзб. Toshkent) - Өзбекстандын борбору. Ташкен областынын административдик борбору. Республикасынын түндүк-чыгышында, Чыйырчык дарыясынын өрөөнүндө (Сыр- Дарыянын алабы), деңиз деңгээлинен 455 м бийиктикте жайгашкан. Климаты континенттик. Январдын орточо температурасы –6°С, июлдуку 32°Ска жетет. Жылдык жаан-чачыны 360–390 мм. Орто Азиядагы калкы көп шаарлардын бири. Калкы 2,3 млн (2013, агломерациясы менен 3,2 млн; калкынын саны боюнча КМШ жана Балтия өлкөлөрүнүн ичинен 4-орунда). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен иштейт. Өлкөнүн саясий, экономикалык, маданий жана илимий ири борбору. Өнөр жайынын башкы тармагы – машина куруу [айыл чарба машиналарынын чыгаруучу негизги ишканалары: «Ташсельмаш», «Узбексельмаш» жана Ташкент трактор заводу, жеңил ж. б. өнөр жай үчүн жабдуу, электроника техникалары («Фотон», «Спутник», «Миконд» заводдору), авиа куруу («ИА-76»; КМШдагы аскерий-транспорт самолётун чогултуучу жалгыз завод ж. б.], жеңил (кебез, кездеме, трикотаж, бут кийим), химиялык, химиялык-фармацевтика, тамак-аш. Ошондой эле «Зенит» заводу, 1991-жылдан Түштүк Кореянын «Goldstar» фирмасы менен бирдикте видеомагнитофон жана видеоплейерлерди чыгарат. Шаарда чет өлкөлүк компаниялардын офиси, бизнес жана ишкер борборлор, автосалондор, нефть-газ компаниялары жайгашкан. Өзбекстан Илимдер академиясы, 21 жогорку окуу жайы (анын ичинде улуттук университет, консерватория, медициналык академия, театр-көркөм институту, информациялык технология, Эл аралык Вест-минтсерский университет, диний семинария, ислам ж. б.), ошондой эле Мирзо Улукбек атындагы астроном. институт, Орто Азия токой Илим-изилдөө институту иштейт. Үй-музейлер (анын ичинде Гафур Гулям, Айбек Муса Ташмухамедов, Мухтар Ашрафи, Юнус Ражаби), Тамара ханумдун мемориалдык музейи, Анна Ахматованын мемориалдык клубу (1986) ачылган. Навои атындагы Чоң Өзбек опера жана балет, орус драма жана «Ильхом» театрлары, музейлер (анын ичинде искусство, прикладдык, тарых, тимуриддер тарыхы ж. б.), китепкана ж. б. бар. Шаарда кооз тарыхый архитектуралык эстеликтер кездешет. Шейхантаур (14-кылым), Каффаль Шаши мавзолейлери, Барак-хан, Кукелташ медреселери (экөө тең 16-кылымда курулган), Жунус-хан (15-кылым) күмбөзү, католик собору, лютеран чиркөөсү сакталган. Зоопарк, ботан. жана япон бактары уюштурулган. «Ташкент-Ланд» оюн-зоок өткөрүлүүчү парк, аквапарк курулган. Ташкентте 1966-жылы 26-апрелде катуу жер титирөө, 1999-жылы 22-ноябрда терракт болгон. Ташкенттеги телемунара Борбордук Азиядагы эң бийик (бийиктиги 375 м, дүйнөдөгү Ючу) мунара. Ташкентте 1968-жылдан 1988-жылга чейин Азия, Африка жана Латын Америка мамлекеттеринин эл аралык кинофестивалы эки жылда бир өткөрүлүп келген. Аны 2011-жылдан кайрадан калыбына келтирүү аракеттери көрүлүүдө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Справка о городе на официальном сайте хокимията г. Ташкент
  2. Узбекское Агентство связи и информатизации. Почтовые индексы