Тевтон ордени

Википедия дан

Тевтон ордени, Кресттүүлөр (германдык, немецтик) ордени – католиктик диний-рыцардык орден. 12-кылымдын аягында Кресттүүлөр жортуулунун мезгилинде Палестинада негизделген. 13-кылымдын аягында Висла менен Неман дарыяларынын аралыгындагы аймакты, Чыгыш Поморьени (Гданьскини кошо, 1309), Жемайтияны (1382-98), Эстляндияны (1346), Готланд аралын (1398), Жаңы марканы (1402) басып алып, Тевтон ордени мамлекетин түзүп, Польша, Литва, Орус мамлекеттеринин Балтика деңизине чыкчу жолдорун бууган. Орто кылымда Тевтон ордени күчтүү жана бай рыцардык ордендердин бири болгон. Грюнвальд салгылашында (1410) поляк, литва жана орус бириккен аскерлеринен жеңилген. Торун тынчтыгы (1466) боюнча Тевтон ордени Польшага күнкор болуп, анын Балтика деңизине чыгышына көнгөн (1525). Орден 1809-ж. жабылган. 1834-ж. Австрияда калыбына келтирилип, формалдуу түрдө азыр да бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]