Тираннозаврлар

Википедия дан
Tyrannosaurus rex

Тираннозаврлар (лат. Tyrannosaurus) – тукум курут болгон өтө зор динозаврлар уруусу. Денеси кескелдирикке түспөлдөш болуп, узундугу 15 м, бийиктиги 6 мге жеткен. Алдыңкы колу кичине, арткы буттары булчуңдуу жана массивдүү келип, басууга өтө ыңгайланган. Жоон куйругу денеге таяныч кызматын аткарган. Баш сөөгү чоң, капталынан кысыңкы (узундугу 1,5 лгдей), тиштери курч, азуулары учтуу жана узун болгон. Триас мезгилинде пайда болуп, кургакты байырлаган. Жерде жашаган диназаврлардын акыркысы болгон. Бор мезгилинин аягында жок болгон. Калдыктары Түндүк Америкада табылган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]