Токтогул ГЭСи

Википедия дан
Токтогул ГЭСи.

Токтогул ГЭСиКыргызстандагы суу электр энергиясын өндүрүүчү жана ирригациялык эң ири ишкана. Кетментөбө өрөөнүнүн чегинде, Нарын дарыянын нугунун кууш жеринде курулган. 1962-ж. курула баштап, 1975-жылдан иштейт. Төрт агрегаты бар, жалпы кубаттуулугу 1200 мВт; долбоор боюнча жыл ичинде иштеп чыгара ала турган электр энергиясынын көлөмү 4,4 млрд кВт/саат.

Суу сактагычтын көлөмү 19,5 млрд м3; Бирок электр энергиясын чыгарга пайдалуу көлөмү болгону 8,5 млрд м3 түзөт. Плотинасынын бийиктиги 215 м. Иштегенден бери 96 млрд кВт/саат электр энергиясын өндүргөн. ГЭСте 180 адам иштейт (2001).

Иштегенине 40 жылдын чамасы болгондуктан ири жанылануусу - бөтөнчө электр-механикалык жабдыктарынын - талап. (2013).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]