Топография

Википедия дан
Топографиялык карта.

Топография - (гр. topos - орун жана ...графил) - топографиялык карталар түзүү аркылуу жер бетин географиялык жана геометриялык жактан изилдөөчү илимий-техникалык тармак.

Топография картография менен геодезиянын ортосундагы илим. Ал бир жагынан картографиядагы аймактардын жалпы географиялык картасын түзүү ыкмаларын камтыса, экинчи жактан геодезиянын картага түшүрүлүүчү географиялык жана социалдык-экон. объектилеринин жайгашуусун, формасын, көлөмүн аныктоо үчүн түздөн түз жер бетинен жана аэросүрөт боюнча өлчөө маселелерин изилдейт.

Топографиялык карта түзүү жумуштары алгач 16-кылымда жүргүзүлгөн. 18-кылымда так өлчөөчү аппараттардын пайда болушунан жер бетинде жүргүзүлгөн Топографиялык съёмкалардын тактыгы жана сапаты артып, 20-кылымдын 1-жарымынан аэросүрөт,кийинки кезде космостук Топографиялык съёмкалар кеңири колдонула баштады.

Жер бетинде жүргүзүлүүчү Топографиялык съёмкалар аянты кичине аймактарда мензула менен аткарылат. тоолуу жана татаал шарттуу райондордо Топография жумуштары фототеодолиттик съёмка боюнча жүргүзүлөт. космостук съёмка азырынча өздөштүрүлбөгөн жана аз изилденген уюлдук аймактардын, чытырман токойлуу жерлердин, чөлдөрдүн кичине масштабдуу, ошондой эле обзордук Топографиялык карталарын түзүү менен чектелет. Негизги Топографиялык съёмка жүргүзүү ыкмасы - аэрофототопография. Азыркы учурда Топографиялык съёмка жүргүзүүнүн ыкмалары автоматташтырылууда. Бул Айдын ж. б. асман телолорунун карталарын түзүүгө, топографиялык карталарды тез жана так түзүп, бат жаңыртып турууга мүмкүндүк берет

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.