Тор кездеме

Википедия дан
Тор кездеме.

Тор кездеме, трикотаж (фр. tricotage, tricoter - согуу) - бир же көп жиптен илмектеп жана аларды өз ара илиништирүү жолу менен алынган текстиль буюму же кездеме. Структурасы боюнча Тор кездеме туурасынан (кулирдүү) жана узунунан (эриштүү) согулган, бир жана кош эндүү (өтө тыгыз жана оор), жылмакай жана саймалуу болуп бөлүнөт. Тор кездеме кийим, тор, техникалык жана мед. буюм ж. б. даярдоодо пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4