Тоңкулдак сымалдар

Википедия дан
Melanerpes carolinus

Тоңкулдак сымалдар (лат. Piciformes) – канаттуулардын классынын бир түркүмү. Көк карга жана жөнөкөй таранчы сымалдарга жакын. Куш жүнү (борпоң) көпшөк, тыбыты жок. Жыныстык диморфизми көпчүлүк түрүндө билинбейт, башкача атйканда эркеги-ургаачысынан түсү же башка морфо-физиологиялык белгилери жагынан айырмаланбайт. Даракта жашоочу куштар. Сырткы түзүлүшү өтө ар түрдүү. Бул түркүмгө 6 тукум - якамарлар, жайугуучулар, балкөрсөткүчтөр, тукандар жана тоңкулдактар кирет. Бардыгы 400гө жакын түрү, кеңири таралган (Мадагаскарда, Австралияда, Жаңы Гвинеяда жана полярдык облусттардан башка КМШда 5 уруусунун, 15 түрү, анын ичинен 11 түрү уялашат, алар бурма моюндар, кара тоңкулдактар жашыл тоңкулдактар, чаар тоңкулдактар, жана үч манжалуу тоңкулдак. Алар 2–12 жумуртка тууйт. Ийинде же дарактардын көңдөйүндө уялайт. Жумурткасы ак, балапаны жумурткадан көзү ачылбай жылаңач, кызыл эт чыгат. Жумурткасын эркеги да ургаачысы да алмак-салмак басып чыгарат. Т. с. курт-кумурска, мөмө, урук, бак-дарактардын ширеси менен азыктанат. 4 түрү жана 8 түрчөсү ЖКЭБнын Кызыл китебине киргизилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]