Трансдукция

Википедия дан
Трансдукция.

Трансдукция (лат. transductio - орун алмашуу) - бир бактериядан (донордон) экинчи бактерияга (реципиентке) орточо бактериофагдын жардамы аркылуу генетикалык материалдын берилиши. 1952 ж. Дж. Ледерберг жана Н. Циндер тарабынан бактериялардын штаммдарында тукум куугуч белгилердин өзгөрүшүнүн себептерин анализдөөдө ачылган. Т. көп бактерияларда: сальмонеллдерде, бациллдерде жана башка байкалган. Кээде профагдардын индукциясында жетилген фагдын бөлүгүнө бактериялык хромосоманын бөлүгү кошулары далилденген. Бактериянын генетикалык материалын алып жүрүүчү фаг трансдукциялоочу фаг (ТФ) деп аталат. Сезгич бактерияга ТФ жукканда донор хромосомасынын бөлүгү реципиенттин клеткасына ташылат. Бактериофагдын тибине жараша, донордон реципиентке бактериялык хромосоманын так аныкталган бөлүгү (өзгөчө же чектелген Т.) же бактериялык хромосоманын каалаган бөлүгү (жалпы Т.) өткөрүлөт. Өзгөчө Т-лоочу фагдар (мисалы, лямбда), эреже катары, бир нече гендерди, ал эми жалпы трансдукциялоочу фагдар бактериянын гендеринин 1-2 % өткөрүшөт. Мында ТФ өзүмдүк ДНКнын өлчөмү боюнча бирдей бактериялык хромосоманын бөлүгү менен алмашылат. Т-нын бул касиети генетикалык карта түзүүдө колдонулат: эки гендин биргелешип ташылуусунун жыштыгы (котрансдукция) боюнча хромосомада, алардын ортосундагы аралыкты эсептешет. Т. мутациялардын ген ичиндеги картасын түзүүдө, ошондой эле аллелизмди аныктоочу функциоялдык тесттер үчүн кеңири колдонулат. Туруктуу жалпы Т-да донордун бөлүгү реципиенттин хромосомасына кош кроссинговердин натыйжасында кошулат, натыйжада туруктуу рекомбинанттар келип чыгат. Абортивной жалпы Т-да донордун бөлүгү реципиенттин хромосомасына кошулбайт жана репликацияланбайт, ошондуктан клеткалардын бөлүнүшүндө муундардын бир линиясында гана сакталып калат. Чектелген Т-да донордун бөлүгү реципиенттин хромосомасына аны алып жүрүүчү фагдын геному менен бирге киргизилет. Ошентип бул фаг профаг абалына өтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]