Троя согушу

Википедия дан
Троя согушу.

Троя согушу - Микенди бийлеген Агамемнондун башчылыгы менен Ахей падышалары коалициясынын Трояга каршы согушу.

Трояда жүргүзүлгөн казма жумуштары Троя согушунун б. з. ч. 1260-ж. ченде болгондугун далилдеген. Ал «Илиада» ж. б. эпикалык поэмалардын сюжетин түзгөн. Уламыштарга Караганда Спарта падышасы Менелайдын аялы Еленаны троя падышасы Паристин уурдап кетиши Троя согушунун чыгышына себеп болгон. Гректер Трояны 10 жыл бою курчоого алгандан кийин жеңген. Троянын жеңилиши ахейликтердин Кичи Азияга келип отурукташышын тездеткен.

Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.