Тюмень

Википедия дан
Түмөн
Тюмень(сыб.) Цимке-тора[1]
Туу
Туусу
Герб
герби
Өлкө

Орусия

Ички бөлүнүшү

4 аймак: Борбордук (Центральный), Ленин (Ленинский),Калинин (Калининский), Чыгыш (Восточный)

Администрация башчысы

Александр Моор

Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү

1586

Аянты

235

Климатынын түрү

кескин-континентальдуу

Калкы
Расмий тили

орус

Калкынын саны

657 011[2] (2010-жыл)

Жыштыгы

2445,6 адам/км2

Этнохроним

тюме́ндик, тюме́ндиктер

Сандык идентификаторлор
Телефон коду

3452

Почта индекси

625000

http://www.tyumen-city.ru/

Түмөн (орус. Тюмень; сыб.: Цимке-тора) — Сибирьдеги биринчи орус шаары. Тюмень районунун административдик борбору жана Тюмень облустунун административдик борбору. Шаар калкы — 634 171 адам (2013), калкынын саны боюнча Оруссияда 19 орун, Сибирде 4 орун, Урал Федеративдик аймагында 3 орунда турат. Шаар четиндеги каратылган аймактар менен калк саны 657 011 адам. Москва шаарына чейинки аралык 2163 км. Аймак аянты — 235 км². 1586-жылы негизделеген.

Символика[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1635-жылы Түмөн шаарынын герби биринчи жолу эскерилген. Анда түлкү менен кемчет тартылган эле. Түмөн шаарынын учурдагы герби 1785-жылы жасалган. Шар символу болуп 1993-жылы кайра кабыл алынат. Түмөн шаарынын расмий символдору герб жана туу, аларды пайдалануу тартиби Түмөн шаардык Думанын 2005-жылдын 28 чын куран айында кабыл алынган макулдугу менен бекитилген. Гербтин 3 тең укуктуу түрү бар: толук герб, орто (таажы менен) жана кичи герб.

Түмөн туусу тик бурчтуу, бийиктиги 2 узундугу 3. Туу 3 горизонтальдуу кѳк (үстүндѳ), ак(ортосунда) жана кѳк ѳңдѳрдѳн турат. Туудагы үстүнкү кѳк түстѳ Түмөн шаарынын гербиндеги саргыч ѳңдѳгү кеме тартылган.

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Миллер Г.Ф. История Сибири. Т.1.М.-Л., 1937, стр.355
  2. БД ПМО Тюменской области