Түндүк атлантика агымы

Википедия дан
Гольфстрим жана Түндүк атлантика агымы.

Түндүк атлантика агымы - Атлантика океанынын түндүк бөлүгүндөгү жылуу агым, Голъфстримдин, уландысы.

Чоң-Ньюфаундленд банкасынан башталып, түндүк-чыгышты карай агат; Фарер-Исланд жана Уайвилл Томсон босоголорунда Батыш Исланд жана Норвег агымдарына бөлүнөт. түндүк атлантика агымы субтропик жана угол сууларынын чеги болуп саналат. Ошого байланыштуу анын түндүк чеги көбүнчө түндүк Атлантика уюл фронту деп аталат. Ылдамдыгы түштүгүндө 1-2 м/сек, түндүк-чыгышында 10-20 м/сек. Агымдын тереңд. 1500 лге чейин, чыгымы 20-40 млн м3/сек. Гольфстримдин интенсивдүүлүгунө жараша кескин өзгөрүп турат. түндүк атлантика агымы Батыш жана түндүк Европанын аба ырайына жана климатына чоң таасир тийгизет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.