Түргөш кагандыгы

Википедия дан
Түргөш кагандыгы
704 — 756



Борбор калаа Суяб
Тил байыркытүркчө
Калк Түргөштөр
Өтүүчүлүк
Батыш-Түрк кагандыгы
Карлук кагандыгы
Огуз мамлекети
Уйгур кагандыгы
Кыргызстан желеги Кыргызстан тарыхы
Кыргызстандын байыркы тарыхы
Таш доору
Коло доору
Андронов маданиятыЧуст маданияты
СактарУсундарКангүйХунндарДабан
Түрк доорундагы Кыргызстан
Түрк кагандыгы (552603)
Батыш кагандык (603704)
Түргөш кагандыгы (704756)
Карлук кагандыгы (756940)
Караханийлердин мезгилиндеги Кыргызстан
Караханийлер (9401212)
Батыш-Караханийлер (10401212)
Чыгыш-Караханийлер (10421212)
СелжукийлерКаракытайлар (11401218)
Наймандар
Моңгол доорундагы Кыргызстан
Моңгол империясы (12061368)
Чагатай улусу (12221370)
Моголстан (13461705)
Теңиртоо кыргыздарынын тарыхы
Алатоо-Кыргыз дуалдык мамлекеттүүлүгү (XVI-XVII)
Жуңгар хандыгы
Каратегин кыргыздарыБатыш кыргыздары
Арка кыргыздары
Кокон хандыгы (18311876)
Орусия империясынын курамында
Орусия империясынын курамына кириши (18551876)
Түркстан генерал-губернаторлугу (18671886)
Түркстан крайы (18861918)
ССР Союзунун курамында
Кара-Кыргыз АО (19241925)
Кыргыз АО (19251926)
Кыргыз АССРи (19261936)
Кыргыз ССРи (19361991)
Кыргыз Республикасы (1991—учур)
Портал | Категория

Түргөш кагандыгы (704-766-жж.)

VII к. баш ченинде Батыш Түрк кагандыгы урандыларында Түргөштөрдүн мамлекети пайда болду. Түргөштөр "Он ок элинин" дулу конфедерациясына киришкен жана Чүй менен Иле дарыяларынын аралыгын ээлеп турушкан. Алар "сары" жана "кара" урууларына бөлүнүшүп, төбөлдөрү өз ара атаандашып турушкан. "Сары" түргөштөрдүн уруу башчысы Үч Элиг каган (704-706-жж.) жаңы династиянын негиздөөчүсү болуп калган.

Ал Суяб шаарын ээлеп, анда өзүнүн башкы борборун түзгөн. Түргөштөрдүн бийлиги алдындагы жерлер Сыр дарыянын орто агымынан Иртыш суусунун баш жагына чейин созулуп жатчу. Үч Элиг каган өзүнүн жеринде жыйырма чөлкөм түзгөн, алардын ар бири жети миңден аскер берип туруучу. Түргөштөрдүн бийлиги Чыгыш Түркстанга да тараган.


Уч Элигдин ордун анын уулу Сакал каган (706-711-жж.) ээлейт. Ошол учурда мамлекеттин абалы татаал болчу. Ага түштүктөн Тан империясынын аскерлери, чыгыштан өзүлөрүнүн кагандыгын калыбына келтирип алышкан түрктөр, түштүк-батыштан араб баскынчылары коркунуч түзүп турушкан. Сакал-каган бардык тараптагы коркунучтун мизин кайтарууга аракеттенген.

709-жылы ал Аньсиге кол салып, кытай аскерлерин жеңет. Андан кийин түргөштөр аскерлерин Орто Азияга жиберишип, согдулар менен бирге Бухаранын алдында араб колбашчысы эмир Кутейби ибн Муслимди камоого алат. Бирок түргөштөргө каршы негизги коркунуч Экинчи Чыгыш Түрк кагандыгы тарабынан түзүлгөн эле.


Чыгыш түрктөрү 679-жылы Тан империясынын эзүүсүнөн кутулган. Экинчи Чыгыш Түрк кагандыгы эң жогорку күч-кубатына Капаган кагандын тушунда (691-716-жж.) жеткен. Иртыштан батышка карай өткөөлдүн бириндеги Болучу деген жерде чыгыш түрктөрү түргөштөрдүн сандаган армиясын талкалаган Сакал каган колго түшүрүлүп, асылып ташталган. Түргөштөрдүн жерлери убактылуу Экинчи Түрк кагандыгынын курамына өткөн.


Түргөштөр «кара» уруусунун башчысы Чабышчор Сулуктун мезгилинде толук көз каранды эместикке жетишкен (716-738-жылдар). Жаңы каган мыкты дипломат болгон. 717-жылы ал Кытайга барган. Андан кийин Сулук түргөштөр үчүн коркунучтуу үч каган менен нике союзун түзгөн: Ашина династиясынын батыш бутагынын урпагынын кызына үйлөнөт, экинчи аялы Билге кагандын, үчүнчүсү Тибет падышасынын кыздары болгон. Каган өзүнүн кызын Билгенин уулуна берген.

Чыгыштагы дипломатиялык ийгилик түргөштөргө батыштагы согуш аракеттерин жигердүү жүргүзүүгө мүмкүндүк берди


Сулук каган Согдиялыктар менен бирдикте арабдарга каршы согушка чыгат. Айыгышкан каттуу согушта Сулук каган көп адамынан ажырайт. Бул жеңилүү Сулуктун өмүрүнө татыган. Түргөш төбөлдөрү жеңилүүгө Сулук күнөөлүү деп эсептешкен. Ызага чыдабаган Сулук каган шал болуп, жатып калат да, 738-жылы өлөт.


Кагандын өлүмү Түргөштөрдүн "кара" жана "сары" урууларынын ортосунда бийлик үчүн узакка созулган күрөштүн башталышына, шылтоо болгон. Бул ички чыр-чатак мамлекетти алсыраткан. Учурдан пайдаланып, VII кылымдын орто ченинде кагандыктагы бийликти карлук уруулары тартып алган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Асанканов А.А., Осмонов Ө.Ж., Кыргызстан тарыхы. - Б., 2010