Түркстан

Википедия дан

Түркстан — азиянын батышында жайгашкан тарыхый, маданий аймак.

Тарыхый аймак
Түркстан
фарс. ترکستان
каз. Түркістан, تۇركىستان
өзб. Turkiston
уйг. توركىستان
Желеги
Мамлекет

 Кыргызстан
 Казакстан
 Өзбекстан
 Кытай
 Түркмөнстан
 Тажикстан

Аянты
• Баардык аянты

7 млн км2

Популяция
• Калкы

60 млн киши (болжол)

Этникалык топтор

Казактар
Кыргыздар
Өзбектер
Тажиктер
Уйгурлар
Каракалпактар

Курамында

Чыгыш Түркстан
Түштүк Түркстан

Манас эпосунда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" эпосундагы топоним. "Манас" эпосунда кыргыздар жана ага жамаатташ элдер мекендеп турган жер катары айтылат:

Кылым кыргыз эл деген,

Түп атасы булардын

Түркстанды жердеген,

Азып-тозуп ар жакка

Андан бери келбеген (Сагымбай Орозбаков, 2. 81-8-).

Манас Т-ды душмандардан бошото баштаганы мындайча сүрөттөлөт:

Атамдын жерин бергин деп

Алтайлык келип калганы,

Алар түйшүк салганы,

Артыкча доолап асылып

Манас келип калганы (Сагымбай Орозбаков, 2. 227).

Географиялык реалияда эзелден бери түрк элдери жашаган азыркы Орто Азия, Түштүк Казакстан, Шинжан жана Ооганстандын түн. бөлүгүн камтыган тарыхый-географиялык аймак. Валиханов жазып алган эпизод Казакстандын Чымкент облусуна караштуу шаар (Түркстан) жөнүндө эскерилет: "Кече Түркстан карай чапканда" ("Ала-Тоо", 1979, № 7, 75-б.).

колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4