Түркстан фронту

Википедия дан

Түркстан фронту – граждандык согуш мезгилинде Түркстанга жардам берүү максатында 1919-жылы 11-августта түзүлгөн аскердик бирикме. Анын башкы командачылыгына М. В. Фрунзе дайындалган. Түркстан фронтунун Революциячыл аскер совети түзүлгөн. Фронтко 1, 4, 11-армиялар жана Түркстан Республикасынын аскерлери кирген.

1919-жылы 14-августта Борбордук Россиядан бөлүнүп калган Түркстан АССРи менен кайра биригүү үчүн Башкы штаб түзүлгөн. 1919-жылы 13-сентябрда 1-армиянын бөлүктөрү республиканын аскерлери менен кошулган. 1919-жылы ноябрда Башкы штаб Түркстан аскерлеринин штабына айланып, ага республиканын аймагындагы аскерлерди башкаруу иши жүктөлгөн. 1920-жылы апрелде Түркстан аскерлер штабы Түркстан фронтунун штабы деп аталган. Түркстанда Совет бийлигин чыңдоого түркстан фронту чоң роль ойногон. Ал 1926-жылы таркатылган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө. Ж. Осмонов (төрага) Т. Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]