У Тан

Википедия дан

У Тан, Маха Тхрай Ситху У Тхан (22. 1. 1909, Пандано, Бирма - 25. 11. 1974, Нью-Йорк, АКШ) - бирмалык дипломат, БУУнун Генералдык секретары (1962-71). Пандано улуттук орто мектебин, Рангун университетин бүтүргөн.

Дипл. иштерге чейин маалымат жана билим берүү тармактарында улук окутуучу, директор, Улуттук билим берүү маселелери боюнча кеңештин жана окуу китептери боюнча Бирма к-тинин, мектеп директорлору ассоциациясынын аткаруу к-тинин мүчөсү, журналист, билим берүү системасы боюнча Бирма к-тинин секретары, 1947-48-ж. Бирма Өкмөтүнүн пресс-секретары, 1948-49-ж. Маалымат берүү кызматынын директору, 1949-53-ж. Бирма маалымат министринин, 1953-55-ж. Премьерминистрдин канцеляриясынын, 1955-57-ж. Бирма экономикалык жана социалдык кенешинин секретары, 1957-61-ж. БУУнун алдында Бирманын туруктуу өкүлү, 1959-ж. БУУнун Ассамблеясынын 14сессиясынын төрагасынын орун басары, 196162-ж. Конго үчүн БУУда макулдашуу комиссиясынын жана капитал фондун өнүктүрүү боюнча к-ттин төрагасы, Бирма премьер-министринин кеңешчиси, БУУнун Генералдык секретарынын милдетин аткаруучу болуп иштеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4