Уругвай (дарыя)

Википедия дан
Уругвай

Уругвай (дарыя) - (исп. Rio Uruguay; жергиликтүү гуарани индейлеринин тилинде «кооз куштар дарыясы») - Түштүк Америкадагы дарыя, жогорку агымы Бразилияда; калган бөлүгү батышында Аргентинанын, чыгышында Бразилия менен Уругвайдын чек аралары аркылуу агат.

Сьерра-дуМар кырка тоосунан башталган Пелотас жана Каноас д-нын кошулушунан түзүлүп, Ла-Плата булуңуна куят. Уз. (Пелотас д-сы менен кошо) 2200 км, алабынын аянты 307 миң км2. Туурасы чатында 12 кмге жетет. Негизги куймасы - Рио-Негро, Ибикуи. Жогорку жана ортонку бөлүгүндө Бразилия бөксө тоосу аркылуу агат. Босоголуу, шаркыратмалар көп. Орточо чыгымы Конкордия ш. тушта 5500 м3/сек. Жаан-чачын сууларынан куралат. Күзүндө жана жазында кирип, суунун чыгымы 22 миң м2/секг& чейин жогорулайт. Сальто жана Конкордия ш. туштагы шаркыратмаларга ири суу түйүндөрү жана ГЭСтер курулган. Пайсанду шаарына чейин деңиз кемелери жүрөт. Негизги шаарлары жана порттору: Конкордия (Аргентина), Сальто, Пайсанду, Фрай-Бентос (Уругвай).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4