Федерико Феллини

Википедия дан

Феллини Федерико (20. 1. 1920, Римини - 31. 10. 1993, Рим) - итал. кинорежиссёр жана сценарист.

Адегенде реж. Росселинин фильмдерине сценарий жазып, неореалисттик багыттагы фильмдерди («Рим - ачык шаар», 1945 ж. б.) тартууга катышкан. Кийин «Ак шайык» (1952), «Жол» (1954, «Оскар» сыйл.), «Кабирия түнү» (1956, «Оскар» еыйл.), «Жыргал турмуш» (1959), «Сегиз жарым» (1962, «Оскар» сыйл.), «Сатирикон Феллини» (1969), «Клоундар» (1970), «Рим» (1972), Амаркорд» (1973, «Оскар» сыйл.), «Казанова» (1977, «Оскар» сыйл.), «Жинжер жана Фред» (1986), «Интервью» (1987, Москва кинофестивалынын Алтын сыйл.) ж. б. фильмдерди койгон. Ф-нин эмгектери эл аралык кинофестивалдардын көбүндө сыйлыкка татыган. 1993-ж. «Киноискусствого кошкон салымы үчүн» Оскар сыйл. ээ болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4