Финикия жазуусу

Википедия дан
Финикия жазуусу

Финикия жазуусу — финикиялыктар менен карфагендиктер, ошондой эли байыркы еврейлер менен моавдар колдонгон жазуу; алфавиттик системадагы жазуунун байыркысы.

Б. з. ч. 13-кылымдан б. з. 3-кылымына чейин колдонулган. Финикия жазуусу б. з. ч. 2-1-миң жылдыкта финикиялыктардын Жер Ортолук деңиздин жээктериндеги колонияларына тараган. Финикия жазуусу үнсүздөрдү туюнткан 22 тамгадан турган. Байыркы ханаан муун жазуусунан же сүрөтчө түрүндөгү консонанттык жазуудан келип чыккан деп божомолдонот.

Арамей (б. з. ч. 9-к.), грек (б. з. ч. 10-8-к.), түштүк араб (8-6-к.) жазууларынын, ошондой эле тамга-тыбыш системасындагы жазуулардын дээрлик баары ушул финикия жазуусунан өөрчүп чыккан. к. Жазуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9