Флейта

Википедия дан
3 Флейта.

Флейта (италянча flauto; нем. flote; фр. flûte; англ. flute) - музыкалык үйлөмө аспап. Жыгач, металл жана пластикадан жасалат.

Флейта узунунан же туурасынын кармап ойнолот. Флейта жеке аткарууда, ансамблде жана оркестрде колдонулат. Хроматикалык үн ыргагынан турат. Эң бийик үнү жана техникалык өзгөчөлүгү жана жеңилдиги менен башка аспаптардан айырмаланып турат. Узунунан кармап ойнолчу Флейта 18-кылымдын ортосуна чейин тараган. Туурасынан кармап ойнолчу Флейтанын азыркы түрүн 19-кылымдын 1-жарымында Т. Бём жасаган. Анын кичине Флейта (Ф.-пикколо), альт Ф-сы, бас Ф-сы сыяктуу түрлөрү бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4